• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең “Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Эртең “Унаа” ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 28-майда Төмөнкү Ала-Арча айылында электр берүү линияларында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Төмөнкү Ала-Арча айылы Школьная, 7а дарегинде жайгашкан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү иштебейт.

“Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек шаары Валиханов көчөсү 2, дарегинде жайгашкан АвтоКТБда жеткиликтүү болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Каттоо кызматы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий