• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Пирамида” телеканалы өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгиледи

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Кыргызстандагы алгачкы коммерциялык телерадиокомпания "Медиахолдинг Пирамида" ЖЧКсы өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгиледи.

Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда телеканалдын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Эскерте кетсек, “Пирамида” телеканалы 1991-жылдын 5-майынан тарта иштеп, бүгүнкү күнгө чейин берүүсүн улантып келүүдө. Телеканалдын негиздөөчүсү Адылбек Бийназаров, долбоордун негиздөөчүлөрү Александр Романов, Андрей Городов жана Мухтар Халдаров болуп эсептелинет. Учурда телеканалды Дооронбек Адаханов башкарууда.

2016-жылдан берип телеканал Жогорку Кеңештин жыйындарын түз алып берип келет.

Канал өз милдетин калыстык менен, объективдүү түрдө толук кандуу аткарып, бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн өз убагында чагылдырууда. Учурда коомдун абдан маанилүү жана актуалдуу деп эсептелген маалыматтык керектөөлөрүн камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Андан тышкары, телеканалдын эфиринде мамлекеттик органдардын жана уюмдардын социалдык роликтери жана маалыматтык материалдары коомчулукка акысыз негизде тартууланып келет.

Ар бир кызматкердин жогорку профессионалдуулугунун натыйжасында телеканал коомдогу окуяларга жана өзгөрүүлөргө ыкчам түрдө реакция жасап, элге актуалдуу программалар менен телеберүүлөрдү камдап берип келе жатат.

Белгилеп кетсек, бүгүн, 27-майда "Медиахолдинг Пирамида" ЖЧКсынын башкы директору Дооронбек Адаханов “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинин жалпы жамаатын телеканалдын медалы менен сыйлады.

“Кабардын” иш жамааты “Пирамида” телеканалын 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, ийгиликти каалады.

Пикир

Оставить комментарий