• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда Ноорузду майрамдоо салты Венада көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. Society журналы менен Евразиялык маданият жана искусство коомунун демилгеси менен 25-мартта Вена шаарында Ноорузга арналган маданий иш-чара өттү.

Бул иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Пакистан, Азербайжан, Афганистан, Иран жана Туркиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү катышып, ар бир өлкөдө Ноорузду майрамдоо салты туртууланды.

Катышуучулар өз өлкөсүнүн тарыхы, маданияты жана салт-санаасы менен тааныштырып, ар түрдүү улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана кийимдеринин көргөзмөсүн уюштурушту.

Кыргызстандын элчиси Бакыт Джусупов чогулгандарды Нооруз майрамы менен куттуктап, улуттарды, диндерди, тилдерди жана цивилизацияны бириктирген, Ноорузду маданий салт катары муундан муунга өткөрүп берүүнү жана сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий