• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эсептөө палатасы Бишкектеги балдар онкологиясы бөлүмүнүн бейтаптарын жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 28.12.23. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө барышты.

Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган кызматкерлер бөлүмдүн жаш бейтаптарын, алардын ата-энелерин жана медицина кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттукташты.

“Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун тапшырмасы менен силерге келип жатабыз. Баарыңардын тезирээк сакайып кетишиңерди жана бул жерге кайра кайтып келбешиңерди каалайм. Эң негизгиси, ден-соолугуңуздар чың болсун. Балдар – биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги. Ошондой эле, бардык дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү да өзүлөрүнүн каалоо- тилекттерин айттырып жиберишти. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен", — деди Нурпаис Осмонов.

Салт боюнча Эсептөө палатасынын кызматкерлери быйыл да жаңы жылдык корпоратив өткөрүүдөн баш тартышты. Кызматкерлер өздөрүнүн жеке каражаттарынан оорулуу балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурушту.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасы “Ак ниет” балдар борборуна барып, ал жактагы балдарды да келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, белектер тапшырылды. Бул мекемеде көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү, жетим балдар, ошондой эле ата-энеси укуктан ажыратылган балдар тарбияланат. Интернаттын директору өз кезегинде Эсептөө палатасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий