• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дем алыш күндөрү күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.011.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 26-29-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 31-январда жана 1-февралда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий