• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда айдоочу мектеп окуучусун өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 11 жаштагы мектеп окуучусун унаа өлтүрө сүзүп кеткен. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине автоинспекция кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык, кечээ саат 18:15де болгон.

“Мектеп окуучусу жолду өтүп бара жатканда “Hyundai Porter” унаасы коюп кеткен. Айдоочу баланы ооруканага жеткирген, бирок бала өзүнө келбей каза болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий