• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эсептөө палатасы Транспорт министрлигинде каржылык тартип бузууларды аныктады

Коом 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. Бүгүн Эсептөө палатасынын кеңешинин отуруму өтүп, анда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана министрликтин карамагында турган мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды.

Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, аныкталды. Атап айтканда:

Аудиттин жүрүшүндө, жалпы, 1 млрд 251 млн 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен:

— Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 366 млн 630,3 миң сом;
— мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 57 млн 283,3 миң сом;
— эсептин жана отчеттуулуктун тартибин бузуу – 214 млн 824,1 миң сом;
мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 612 млн 670,5 миң сом;
— ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин кагылышуусу жана процессуалдык бузулушу – 47,4 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча :
—КР Министрлер Кабинетине - сунуштама;
—Финансы министрлигине – сунуштама жана сунуш;
—Транспорт жана коммуникациялар министрлигине - отчет, жазма буйрук, сунуштама жана сунуш;
—Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине - сунуштама жөнөтүлөт.
—Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол мунай битумунун сатып алынышы боюнча аудиттин тиешелүү материалдарын укуктук баа берүүүчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий