• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Эсептөө палатасы Ысык-Ата районунда 87 млн сомдук каржы бузууну аныктады

Экономика 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 87 млн 179,8 миң сом финансылык бузуулар аныкталды. Анын ичинен:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 22 059,1 миң сом.
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча, алар боюнча туумдарды, айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү чаралардын көрүлбөшү – 101,3 миң сом.
  • бюджетке мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо (өз убагында же толук эмес которуу) -5 354,6 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик чыгымдардын коддору боюнча бюджеттик каражаттарды санкцияланбаган кайра бөлүштүрүү – 420,9 миң сом;
  • бюджеттик мыйзам менен белгиленген көлөмдөн ашырылган өлчөмдө жана бөлүү шарттары менен каралбаган максаттарга резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу (пайыздык катышта тиешелүү бюджеттин жалпы чыгымдарына карата) – 2 830,9 миң сом.
  • капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы жана башка бузуулар – 4 014,0 миң сом.
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 64,8 миң сом;
  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар – 2 423,5 миң сом.
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүү тартибин бузуу менен, отчет берүүгө авансаларды берүү – 11,2 миң сом;
  • ашыкча төлөө жана белгиленбеген төлөмдөр – 2 047,1 миң сом.
  • негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 15 333,7 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражаттарынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 17,7 миң сом.
  • бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнү жоктугу – 19 766,4 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбашы – 421,3 миң сом.
  • дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар – 593,0 миң сом.
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар – 11 720,3 миң сом.

Интернационал айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин материалдары (акча каражаттарын негизсиз төлөө фактысы боюнча) укуктук баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ысык-Ата районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине жана уюмдарына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий