• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евразиялык экономикалык форум: Катышуучулар менен ЖМК өкүлдөрүнө атайын унаа уюштурулат

Экономика 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Евразиялык экономикалык форумдун алкагында бир күндө ар кайсы жерде алты сессия өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Евразиялык экономикалык комиссиянын протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

Анын айтымында, сессиялар Novotel, Sheraton, “Орион” мейманканаларында жана “Фрунзе” ресторанында өтөт.

“Бардык сессиялар бир күндө ар кайсы жерде өткөндүгүнө байланыштуу ар бир жерде ЖМК өкүлдөрү үчүн интервью алып, иш жүргүзүүгө жер каралат. Мындан сырткары, катышуучулар жана медиа өкүлдөрү үчүн атайын унаа уюштурулат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий