• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жылдык 6%дык коюмуна карабай кайра иштетүү тармагында жеңилдетилген насыяга суроо-талап аз

Экономика 0

Бишкек, 11-апрель /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Өкмөт 6%дык коюму менен кайра иштетүү тармагына жеңилдетилген насыя берүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында “РСК Банк” башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, тилекке каршы бүгүнкү күндө кайра иштетүү тармагына болгону 2,5 млн сом берилди.

“Бул тармактагы насыя алууга суроо-талаптын аздыгы көпчүлүгү тандоонун жол-жобосун жакшы билбегендигине байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, аны кайра каржылоого карызы жоктор жана жабык эмес насыясы жок кайра иштетүүчүлөр ала алышат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий