• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен макулдашуулар ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Ошэлектро» ачык акционердик коомун реабилитациялоо боюнча долбоору) жана «Ошэлектро» ачык акционердик коомун реабилитациялоо боюнча долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, «Ошэлектро» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Жогоруда аталган макулдашуулардын максаттары:

- бөлүштүрүүчү тармактарды модернизациялоо жана чыңдоо боюнча иш чараларды өткөрүүгө инвестицияларды тартуу;

- электрэнергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системасынын (ЭКЭАС) заманбап эсептөө приборлорун сатып алуу жана орноштуруу;

- Ош шаарын жана Ош облусун электрэнергиясы менен камсыздоо системасынын линияларынын жана трансформаторлордун кубаттуулугун күчөтүү боюнча башка иш чаралар.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий