• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суу менен камсыздоо. Жакынкы мезгилде Өзгөн районунда ири ирригациялык долбоор ишке ашат

Президент 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы ички каналдарды калыбына келтирүү боюнча ирригация долбоорун ишке ашыруунун жүрушү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сугат суулары көп жылдар бою Куршаб айылынын негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп келгени, эскирген сугат тутуму жаңылоого муктаж болгону белгиленди. Анын үстүнө ирригациялык тутум жакын жайгашкан жерлерди суу менен толук камсыз кыла албай келген, ал эми акыркы жылдарда калктын жана үй чарбаларынын саны өсүп, жаңы конуштар пайда болгон.

Маселени чечүү үчүн сугаруу тутумун калыбына келтирүү зарыл болгон. Ирригациялык тутумдарды калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн долбоор Дүйнөлүк Банк тарабынан жактырылган жана каржыланган.

Калыбына келтирүү иштери 2019-жылдын апрелинде башталган. Бүгүнкү күндө негизги иштер дээрлик аяктаган.

Бул долбоор толук ишке ашырылганда, ага жакын жайгашкан 1,5 миң гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшырат.

Мамлекет башчысы ирригациялык тутумдарды куруу жана калыбына келтирүү боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруу аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги багыты болуп саналарын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, аймактарда кошумча жумушчу орундарын түзүүгө, ички миграцияны азайтууга, айыл чарба продукциясынын өндүрүшүн жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

Айта кетсек, ирригациялык тутумдарды куруу жана калыбына келтирүү өлкөнүн жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө туруп, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдында берген убадаларынын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасынын алкагында аны 3-этапта ишке ашыруу каралган, алардын экөөсү 2024-жылга чейин ишке ашырылат.

Бул мезгил аралыгында 31 суу чарба объектилерин ишке киргизүү пландалууда. Жыйынтыгында 27 миң га жаңы сугат жери өздөштүрүлүп, 46 миң га жерди суу менен камсыздоо жакшырат. 2020-жылы 1700 га жаңы сугат жерди өздөштүрүү мерчемделүүдө.

Ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттик каражаттардан сырткары өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн жана донорлордун, көбүнчө грант түрүндөгү каражаттары активдүү тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий