• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Expo-2020 көргөзмөсүнүн алкагында кыргыз-араб ишкерлеринин бизнес жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Expo-2020 көргөзмөсүндө кыргызстандык жана араб жеке ишкерлеринин бизнес-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 3-мартта КРнын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулду.

КР Соода-өнөр жай палатасынын чакыруусу менен жолугушууга БАЭнин Соода-өнөр жай палаталарынын башкы катчысы Хумейд Бен Салем баш болуп, 7 эмираттын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тамак-аш жана жеңил өнөр-жайы, айыл-чарба, фармацевтика, туризм сыяктуу тармактардан Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү БАЭнин эң ири соода-чекене тармактарынын бири болгон LuLu Group International компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу формалдуу эмес чөйрөдө өтүп, ар бир компания өзүнүн продукциясын тартуулап, үлгүлөрүн тарата алды.

Мындан тышкары, соода тармактын өкүлдөрү менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Хумейд Бен Салем кыргызстандык компанияларга алардын продукциясын жергиликтүү рынокто жылдырууга көмөктөшүүгө даярдыгын билдирди.

БАЭ менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палаталарынын башчылары эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн сунуштаган демилгелерин колдой турганын белгиледи.

Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты – ата мекендик компаниялардын арабиялык ири соода тармак менен кызматташуусун жөнгө салууга алгачкы кадамдарды таштоо, чекене тармактын талаптарын иликтөө жана БАЭнин Палаталарынын жетекчилеринен практикалык кеп-кеңештерди алуу болду. Жолугушуу “Ак-Сай Трэвел” компаниясынан Кыргызстандын туристтик потенциалын тартуулоо менен көшөгөсүн жапты.

Пикир

Оставить комментарий