• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын делегациясы Ташкентте жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Кечээ, 3-мартта Ташкент шаарында «Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн Терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер планынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтыгы» темасына арналган жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция ишин баштады.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада Кыргызстандын делегациясын КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жетектеп, делегациянын курамына КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун өкүлдөрү кирди.

Иш-чаранын ачылышында министрдин орун басары Мадмаров өз сөзүндө терроризм менен экстремизмдин жаңы чакырыктары жана коркунучтары күчөп жатканына байланыштуу дүйнөдөгү кырдаалдын начарлашынан улам конференция актуалдуу болуп, өз убагында өткөрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук, аймактык жана эл аралык күч-аракеттерди бекемдөө боюнча уникалдуу глобалдык документ болгон БУУнун терроризмге каршы глобалдык стратегиясын мындан ары да натыйжалуу ишке ашырууга Кыргызстандын бекем умтулуусу, ошону менен бирге КР министрлер кабинети тарабынан БУУнун Борбордук Азия үчүн терроризмге каршы глобалдык стратегиясынын алкагында Биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Борбордук Азия мамлекеттеринин делегацияларынын башчылары, БУУнун ТКБ, ЕККУ жана БУУнун БААДБРБнын жогорку өкүлдөрү бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен консолидацияланган аракеттери менен гана терроризм коркунучуна жана зордук-зомбулук экстремизмине ийгиликтүү каршы турууга болот деген пикирде.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясынын өкүлдөрү бул иш-чаранын панелдик сессияларында баяндама жасашат. Анын жыйынтыгында Ташкент декларациясы кабыл алынып, БУУнун Борбордук Азия үчүн терроризмге каршы глобалдык стратегиясынын алкагында жаңыланган Биргелешкен аракеттер планы бекитилет.

Конференцияга Евробиримдиктин, Борбордук жана Түштүк Азиянын, Кытайдын, Россиянын, АКШнын, Жакынкы Чыгыштын жана башка өлкөлөрдүн улуттук жана чет элдик аналитикалык борборлорунун 600дөн ашык бийик даражалуу расмий өкүлдөрү жана эксперттери, эл аралык жана аймактык уюмдардын жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышууда.

Конференция Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги, БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгы (ТКБ), БУУнун Борбордук Азия үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча регионалдык борбору (БААДБРБ) жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), ошондой эле Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык жана аймактык изилдөөлөр институту тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий