• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Финполиция коррупция менен күрөш эсебине 2,5 миллион сом которду

Коом 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 2 миллион 522 миң 133 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө Буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Пикир

Оставить комментарий