• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж — Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапары менен барды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Өкмөт башчы жумуш сапардын алкагында «Вертекс Голд Компани» компаниясынын жана Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган кен ишканасынын иши менен таанышты.

Ошондой эле Премьер-министр Чаткал районундагы «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты.

Андан соң Премьер-министр Чаткал районундагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, Ала-Бука районундагы мал союучу цехтин ишин көрдү. Ошондой эле Аксы районуна караштуу Т. Балагулов айыл аймагындагы ички чарбалык каналды калыбына келтирүү долбоору менен таанышты.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен таанышып, аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы туризм тармагынын өнүгүшүнө негиз болоорун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий