• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смит менен жолугушту.

Өкмөт башчы Робин-Орд-Смитти жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, коюлган милдеттерге жетишүүгө ийгилик каалады.

Анын айтымында, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы мурдагы элчиси, башка жооптуу кызматтарда тажрыйбасы бар Робин-Орд-Смиттин Бизнес-акыйкатчы кызматына талапкерлиги – бул бизнес-коомчулук жана чет элдик инвесторлор үчүн оңдуу белги.

«Өлкөдө ишкерлер көбүнесе өздөрүн корголбогон катары сезишет, ишкерликти жөнгө салуунун таза эмес, мыйзамда каралбаган механизмдери тууралуу бизнестен көптөгөн кайрылуулар түшөт. Эл аралык тажрыйбада таасирдүү механизмдердин бири Бизнес-акыйкатчы институтун киргизүү болуп саналат. Бизнес-акыйкатчыны дайындоо, бул институтту ишке киргизүү жарандардын жана бизнес-коомчулуктун Өкмөткө жана мамлекеттик органдарга ишенимин жогорулатат, коррупциялык көрүнүштөрдүн жана башка укук бузуулардын жана бизнестин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгына көмөк көрсөтөт деп ишенем», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал Бизнес-акыйкатчы кызматында Робин Орд-Смит ишкерликти өнүктүрүүгө жана бизнес чөйрөнү жакшыртууга зор салым кошоруна ишеним билдирди.

Премьер-министр бул уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана бекемдөө үчүн «Бизнес-акыйкатчы жөнүндө» сапаттуу жана бардыгын камтыган мыйзам долбоорун тезинен даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн аркылуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит өз кезегинде куттуктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык айтты.

Маектешүү учурунда Бизнес-акыйкатчы институтунун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, өнөктөштүк келечеги жана өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий