• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: КР жарандарын Сирия жана Ирактагы качкындар лагерлеринен кайтарып келүү боюнча иштер жүрүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. КР президентинин тапшырмасына ылайык, КР улуттук коопсуздук органдары тиешелүү тараптар жана ошондой эле өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек. Бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктаганча Сирия-Ирак аймагында калуусу шарт.

УКМК, эгер балдардын ата-энелери террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар болгон учурда, алар балдарга болгон укугунан ажыратыла тургандыгын белгиледи.

"Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат", - деп айтылат маалыматта.

Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги КР жарандарын кайтарып келүү КР президентинин көзөмөлүндө турат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча коомчулукка толук маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий