• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.04.23./Кабар/. Бишкекте пара алууга шектелип Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин ички тергөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын опузалап пара талап кылган деп шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.

"Опузалоо фактысы боюнча шектүү делген Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын А.Ж. аттуу тергөөчүсү УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө жеткирилди. Ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүздү", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий