• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аткезчилик менен келген оор жүк ташуучу унаалар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстанга бажы мыйзамдарын бузуу менен алынып келген унааларды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Вольво", "Даф", "Ман" үлгүсүндөгү 16 жүк ташуучу унааны, 13 чиркегич жана 2 "Хундай Портер" унаасын жана "Мерседес-Бенц-Вито" унаасын алып келүүдө 19 млн. 154 миң 991 сом бажы төлөмү төлөнгөн эмес.

Унааларды мыйзамсыз түрдө алып келүү боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында аталган унаалар Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы мекемеге жасалма документтер боюнча каттоого тургузулганы ачыкталган.

Маселени карап, чечүү үчүн аталган факттар боюнча материалдар Башкы прокуратурага жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий