• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгы: Күнөөлүү 10 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл райондук соту дүйнө сулуусу Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгына шектүү делген Чыңгыз Кондурбаевди күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине жабыркаган тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов билдирди.

Кондурбаев ошондой эле маркумдун энесине моралдык компенсация катары 2 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Жактоочусунун айтуусуна караганда, бир нече убакыт мурда кезектеги соттук жыйын болуп, жыйынтыгында Чыңгыз Кондурбаевди күнөөлүү деп табышып, 10 жылга эркинен ажыратышкан.

“Аны мас абалында жол кырсыгына кабылгандыгы жана окуя болгон жерден качып кеткендиги үчүн толугу менен күнөөлүү деп табышты. Кондурбаев 10 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 2 млн. сом моралдык зыян келтиргени үчүн төлөй турган болду”, - деп билдирди жактоочу.

Эске сала кетсек, Шакирова каза болгон жол кырсыгы 2-июнда Ысык -Көлдө болгон. Таксинин айдоочусу батышты көздөй бара жатып, башкаруусун жоготуп, тосмону сүзгөн. Унаада эки адам болгон. Сания Шакирова алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон, жүргүнчү жана айдоочу жаракат алышкан. Көп өтпөй рулда отурган адам Сания Шакированын болочоктогу жолдошу 31 жаштагы Ч.К. экендиги белгилүү болгон. Ал мас абалында болгондугу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий