• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Ош ОИИБнын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.22./Кабар/. Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалд, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 2-мартында Ош облусунун ИИБнын ички иликтөө кызматы менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын алып жатканжеринен Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкериБ.Т.А. кармалды.

Кармалган Б.Т.А. ишкерден анын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылгандыгынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий