• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында бир жумада 16 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы жума ичинде 16 миң 203 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 2 157;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 1;

- айдоочулук күбөлүгү жок ТС айдаганы үчүн – 258;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 5 775;

- транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 43;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 4;

- мамлекеттик номери жок – 23;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 8;

- жасалма айдоочулук күбөлүк менен унаа айдаганы үчүн – 1;

- автоээнбаштык – 6;

- жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, атчан айдаган адамдын же жаныбарлардын айдоочусу тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 91;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 101;

- кооптуу жүк ташуу эрежелерин бузуу – 1;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн - 6 842;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 55;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 265;

- унаа токтотуучу жайга коюлду – 81.

Пикир

Оставить комментарий