• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Ата районунда “Аталык Жем” тоют заводу ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунда “Аталык Жем” тоют заводу ачылды. Анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы президенттин атынан жана жеке өзүнүн атынан чогулгандарды ишкананын ачылышы менен куттуктап, ар бир мамлекеттин экономикалык негизи бизнес экенин белгиледи.

“Саатына 20 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар бул завод жергиликтүү дыйкандардан 1 млрд сомго 60 миң тоннадан ашуун дан сатып алууга жана 50дөн ашуун жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын жалпы көлөмү 430 млн сомду түзүп, 150 млн сому “Айыл Банк” аркылуу берилген”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, ишкананын ачылышы өндүрүлгөн тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшыртат жана “бир гана тоют тармагын эмес, жалпы агроөнөр жай кластерин өнүктүрүүгө жакшы түрткү болот”.

Белгилей кетсек, “Аталык Жем” тоют заводу “ЭлДан Аталык агроөнөр жай комплекси” ЖЧКсына тиешелүү жана европалык өндүрүштөгү заманбап техникалар менен жабдылган.

Заводдун негизги иш алып барган багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • дыйканчылык;
  • үрөөнчүлүк;
  • мал чарбачылык;
  • жумуртка өндүрүү;
  • тоют, жем өндүрүү.

Пикир

Оставить комментарий