• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж – Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багынын ачылышы

Президент 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы сейил бактын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы шаардыктарды борбордун жашоосундагы маанилүү окуясы менен куттуктап, Бишкекке жашыл шаар наамы кайтарылып берилерин белгиледи. Ал жаңы сейил бакты «Ынтымак» деп атоону сунуштады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бак отургузуп, жаңы парктын аймагын көрүп чыгып, шаардыктар жана балдар менен баарлашып, сүрөткө түштү.

Эске салсак, 10 гектар аянтты ээлеген сейил бактын курулушуна 2019-жылдын апрель айында капсула салынган.

Пикир

Оставить комментарий