• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кумтөр долбоорунун алкагында түзүлгөн фонддорду ким жетектей турганы белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун жетекчиси болуп мурунку финансы министри Адылбек Касымалиев дайындалса, “Жаратылышты өнүктүрүү фондуна” Улугбек Арстанбаев жетекчи болуп дайындалды.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, эки фонд тең 23-август күнү катталган.

“Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” түзүүчүсү болуп Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги эсептелет.

Ал эми “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун” түзүүчүсү - КРнын Экономика министрлиги.

Эске сала кетсек, бүгүн, өкмөт үйүндө КРнын экономика министри Санжар Муканбетов Кыргызстанда Кумтөр долбоорунун алкагында эки Фонд түзүлгөндүгү тууралуу билдирди.

“Жаратылышты коргоо фондуна 50 миң доллар салынган. Ага кошумча жыл сайын 30,7 млн. доллар которулуп турат. Бул келишим 2017-2018-жылдары түзүлгөн. Ал кошумча 7,4 млн. долларга көбөйтүлдү”, - дейт ал.

Анын айтымында, “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун” 5 млн. доллар салынды. Андан кийин жыл сайын “Кумтөр” компаниясынын кирешесинен 0,4% түшүп турат. Бул каражаттар өлкөнүн баардык аймактарын өнүктүрүүгө жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий