• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду

Президент 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйруктары менен:

— Стамалиева Толгонай Турдалиевна Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды;

— Мансурова Наргиза Аскаровна Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Ташпаева Назгүл Аскеровна Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Базарбаев Кудайберген Базарбаевич Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий