• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Фоторепортаж – Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына иш сапары

Президент 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарына барды.

Мамлекет башчысы Л. Толстой атындагы жана № 10 Манас орто мектептерине барып, алардын имараттарын көрүп чыкты, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты.

Шаардын тургундары менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан стратегиялык багыттар, реформалар жана улуттук долбоорлор тууралуу айтып берди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар мамлекет башчыга негизинен Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө байланышкан маселелер, бюджет түзүүчү ишканаларды ачуу, өнөр жайды калыбына келтирүү, жолдорду жана инфраструктуралык объекттерди куруу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, региондорду өнүктүрүү, экологияны коргоо, энергетикалык долбоорлор, соттук-укуктук жана кадрдык реформалар, саламаттыкты сактоо, пособиелерди көтөрүү, арзан кредиттерди көбөйтүү, миграцияны кыскартуу жана социалдык маселелерге байланышкан суроолорду беришти.

Суроолорго президент, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жооп беришти.

Мамлекет башчысы бир да кайрылуу жоопсуз калбастан, бардык маселелер мамлекеттик бийликтин деңгээлинде чечилерин айтып, Балыкчы шаарын жана республиканын башка региондорун тез арада өнүктүрүү үчүн бардык аракеттер жумшаларын белгиледи.

Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын соңунда Жээнбеков жергиликтүү бийлик тарабынан ишке ашырылып жаткан “Акылдуу шаар” жана “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий