• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Француз ишкерлерине Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Экономика 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Кечээ, 13-декабрда Париж шаарында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев «MEDEF International» француз ишкерлер тобу жана «SUEZ International», «EGIS», «IDEMIA» жана «Tractebel Engineering» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Ниязалиев француз ишкерлерине өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, экономиканын артыкчылыктуу тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады. Бул контекстте инвестициялык климатты жакшыртууга, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүүгө жана ишкердикти коргоого багытталган «Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө» КР президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын кабыл алуу, чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктары өзгөчө белгиленди.

Мындан тышкары, 2022-жылы биргелешкен бизнес-форумду уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралып, анын жүрүшүндө эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосунда түз бизнес байланыштарын түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий