• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Түркиянын мурдагы тышкы иштер министри Хикмет Четин менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-декабрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев элчиликте Түркиянын парламентинин мурдагы төрагасы жана мурдагы тышкы иштер министри Хикмет Четин менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчиликтин билдирүүсүнө караганда, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын маанилүүлүгүн белгилешти. "Ошол тарыхый күнү, башкача айтканда, 1991-жылдын 23-декабрында тиешелүү Протоколго түрк тараптан Хикмет Четин кол койгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Хикмет Четин дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы тарыхый чындык экенин белгиледи.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Эгемендүүлүк жылдарындагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө токтолуп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Х. Четин түркиялык саясатчы, мамлекеттик ишмер. 1991-1994-жылдары Түркия Республикасынын тышкы иштер министри, 1995-жылы Түркия Республикасынын вице-премьер-министри, 1997-1999-жылдары Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы, 2003-2006-жылдары НАТОнун Афганстандагы жарандык өкүлү, 1995-жылы Республикалык элдик партиянын төрагасы болуп шайланган (7 айга жакын).

Пикир

Оставить комментарий