• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө жолдору талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 3-февралында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык мамилелер комитетинин Төрагасы Акиф Чагатай Кылыч менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык, анын ичинде парламенттерге тиешелүү комитеттердин ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле мындан ары кызматташтыкты өнүктүрүү жана иш боюнча байланышты чыңдоо максатында үстүбүздөгү жылдын жаз айында КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин делегациясынын Түркияга сапарын уюштурууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий