• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. КР президентинин жарлыгынын негизинде Баткен облусундагы дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя, лизинг берүү боюнча облус аймагында жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иш аракеттери президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, район акимдери, айыл аймак башчылары, дыйкан-фермерлер жана мамлекеттик банктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.

Жыйында негизинен арзандатылган насыя берүү шарттары, аны алуу жолдору тууралуу тиешелүү адистер тарабынан маалымат берилди. Ошондой эле жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы айтылды.

Белгилей кетсек, арзандатылган насыя "Айыл чарбасын каржылоо 10" долбоору аркылуу берилүүдө.

Аталган долбоордун алкагында дыйкан, фермерлерге жана ушул багытта иштеген ишкерлерге бериле турган акчанын көлөмү 5 миллиард сомго жакын. Бул долбоор боюнча каражат алгандардын бардыгында жылдык үстөк пайызы 6%дан болот.

Негизинен "Айыл Банк", "РСК Банк" жана дагы коммерциялык банктар аркылуу берилет.

Насыялар мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкка 3 жылга чейин берилет. Максималдуу көлөмү 3 миллион сомго чейин. Мурда күрөө койбой туруп 150 миң сомго чейин алганга уруксат болсо, эми быйыл анын көлөмү эки эсеге көбөйүп, күрөөсү жок 300 миң сомго чейин насыя алса болот.

Пикир

Оставить комментарий