• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германия ТИМинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Германиянын Федералдык Тышкы иштер министрлигинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядгы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Берлин шаарында элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушуп, анын жүрүшүндө ар кандай тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, анын ичинде ɵз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жакында болуп өткөн куралдуу кагылышуу жана анын Кыргызстандын чек арада жашаган калкы үчүн кыйраткыч кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Кыргызстан Борбордук Азиядагы ачык демократиялык өлкө катары, эл аралык коомчулукту, анын ичинде Германияны Тажикстандын биздин өлкөгө жасаган агрессиясын айыптоого, ошондой эле БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдарды кыргыз-тажик чек арасында узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту касмыз кылууга катышууга чакыраарын билдирди.

Германиянын ТИМинин ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг бул кагылышуунун натыйжасында көп сандаган курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты жана немис тараптын, анын ичинде БУУ, ЕБ жана ЕККУ алкагында туруктуулукту камсыз кылууга жана Кыргызстан жана Тажикстандын ортосунда чек ара чыр-чатактарын алдын алууга салым кошууга кызыкдар жана даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий