• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте экинчи акысыз коворкинг борбор ачылды

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бишкекте №9 шаардык китепкананын базасында экинчи коворкинг борбор ачылды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, борборду ачуу максаты активдүү таланттуу жаштарды колдоо, санариптик жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана жарандарды китепканаларга тартуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, коворкинг борборунда болуу бекер, ал жактан тренингдерди, курстарды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий