• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

25-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.03.19. /Кабар/. Эртең, 25-мартта көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот, - деп билдирет Кыргызгидромет борбру. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, кээ бир аймактарда секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21, Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20. градус болот.

Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15 градуска чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Батккен облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус, күндүзү 7…19 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий