• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азамат Жаманкулов кыргызстандык жаачы Асланайым Ашырованын абалынан кабар алды - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 24.03.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы ооруканада жаткан жаачы Асланайым Ашырованын абалынан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр өкмөт башчынын атынан салам айтып, сакайып кетишин каалаган.

"Биз Сиздин тезинин сакайып кетишиңизге тилектешпиз. Сиздин оюндар учурунда кырсыктаганыңызды угуп, кайгыруу менен кабыл алдык. Сизге бекем ден-соолук жана күч-кубат каалайм" - деген министр.

Эске салсак, Асланайым Ашырова Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында “Camel fest” фестивалынын алкагында "Көчмөндөр ааламы" маданият фестивалына катышууга барып, бутун кырсыктатып алган.

Учурда ал алдыңкы ооруканалардын биринде жатып, зарыл болгон медициналык жардамдарды алып жатат.

Пикир

Оставить комментарий