• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл. Грузиянын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 10.07.22./Кабар/. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Ушул майрамдык күнү биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана тереңдетүү үчүн бир катар маанилүү кадамдарды жасайбыз деген ишенимди билдирем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Саломе Зурабишвили Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине тынчтык, ден соолук жана гүлдөп өнүгүү каалады

Пикир

Оставить комментарий