• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

HRW Тажикстандагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жаңы баяндамасын жарыялады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. 19-сентябрда Human Rights Watch уюму Тажикстандагы үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү жөнүндө 93 барактан турган жаңы баяндамасын жарыялады.

«Зордукташат, кирпич менен сабашат, суу жана тамак бербей коюшат, кээде үтүк менен урушат». Бул аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук боюнча Human Rights Watch уюмунун баяндамасында айтылган бир нече гана мисал.

Иликтөөнүн авторлору үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү боюнча айрым чаралар кабыл алынганы менен, тажик өкмөтү бул көйгөйдү жоюу үчүн жетиштүү аракет жасаган жок деп эсептешет.

Варшавада өтүп жаткан БУУнун адам укуктары боюнча жыйынында уюмдун өкүлү Стив Свердлов катышуучуларды баяндама менен тааныштырып, иликтөө бул көйгөйдүн чыныгы масштабын аныктоого багытталганын билдирди.

Ал тажик өкмөтүнүн нике курагын 18 жашка көтөргөнүн, никени милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү камсыздоого аракет көрүп жатканын оң кадам катары баалады. Анын айтымында, эл аралык уюмдардын жардамы менен Гарм жана Хорог сыяктуу алыскы аймактарда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар үчүн атайын борборлор уюштурулган.

Ага карабай, иликтөөнүн жүрүшүндө ар бир беш аялдын бирөө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылары аныкталган.

Укук коргоочу Тажикстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыш катары каралбай, аялын уруп-соккондор же психологиялык басым көрсөткөндөр мыйзам алдында жооп бербей жатканын негизги көйгөй катары эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий