• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Январда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 660,5 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2022-жылдын январында 660,5 млн долларды түзүп, 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу 1,8 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди

Анын айтымында, экспорттук ташуулар 18,1%га, ал эми импорт – 2 эсеге көбөйдү.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсунүн көлөмү 2022-жылдын январында 265 млн долларды түзүп, 2021-жылдын январына салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда экспорттук ташуулар 1,8 эсеге, ал эми импорттук келип түшүүлөр 1,4 эсеге көбөйгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,3%) жана Казакстанга (27%) туура келген.

Пикир

Оставить комментарий