• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 3,5 млн тоннадан ашуун жүк ташылган

Экономика 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 209 миңден ашык каттам аткарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 3 млн 514 миң 807 тонна жүк ташылган.

“Министрлик тарабынан Кыргызстандын автотранспортчуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүү рыногунда жагымдуу шарттарды түзүү, чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 2023-жылга карата 41 мамлекеттен эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын негизинде 100 миң 684 даанага уруксат кагаздары алынган. Анын 50 миңден ашыгы белгиленген квотанын негизинде болсо, 50 миң 190 даанасы сүйлөшүүлөрдүн негизинде квотадан сырткары кошумча түрдө алынган”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий