• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Японияда аптаптуу ысыктан 11 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Японияда 22-28-июль күндөрү аптаптуу ысыктан 11 адам каза болуп, 5664 адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу шейшемби күнү Өрт коопсуздугунун башкы башкармалыгы билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, ооруканага жеткирилген бейтаптардын саны мурунку жумага караганда 3 эсе жогору болгон. Буга Японияда июнь жана июль айынын биринчи жарымында салкын аба ырайынын кескин түрдө ысып кетиши себеп болгон.

Японияда жайдын биринчи жарымында эң төмөн температура болгон, мындай көрүнүш акыркы 30 жылдан бери каттала элек болчу. Андан соң аба ырайы кескин түрдө жогорулап, 32-35 градуска жеткенде көптөгөн адамдар ооруканага кайрыла башташкан.

Пикир

Оставить комментарий