• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ибраимов атындагы Ош драма театры түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи

Аймак 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында театрдын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө мыкты спектаклдердин үзүндүлөрүнөн турган кеңири чыгармачылык программа тартууланды.

Театрдын жамаатын Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов куттуктап, бул маданий мурастын жаш муундарды тарбиялоодо, шаардын маданий турмушун өнүктүрүүдө мааниси зор экенин белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн театр ишмерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле театр кызматкерлерин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер куттукташты.

Белгилей кетсек, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы уюшулган. 1974-жылы жаңы имараттын курулушу бүткөрүлүп, ошондон бери театр Кыргызстандын көрүүчүлөрүн гана эмес, Орто Азиядагы театр искусствосунун сүйүүчүлөрүн да өз спектаклдери менен кубандырып келет. Чыгармачыл топ ата мекендик жана чет элдик авторлордун 130дан ашык драмалык чыгармаларын сахналаштырган, аларды 4 миллион 200дөн ашык көрүүчүлөр көргөн.

1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы ыйгарылган. Театр ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарындагы элдик театрларга жана чыгармачыл топторго жакшы база болуп, кеңири методикалык жардам көрсөтүп, жер-жерлерде театр искусствосун өнүктүрүүгө өбөлгөлөрдү түзүп келет.

Театрда 179 адам эмгектенсе, анын 76сы чыгармачыл кызматкерлер.

Пикир

Оставить комментарий