• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чаткалда жаңы ФАП жана мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кара-Суу айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Иш-чарага Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев, "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун директору, айыл аксакалдары, тургундары катышты.

Бардык шарттары менен курулган ФАП жана мечит, балдарды окутуучу жай (медресе) “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган.

Эскерте кетсек, “Ассанабил” кайрымдуулук фонду 2004-жылы Кыргызстанда негизделип, калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий