• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык шаарча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунун Садовый айылында 68 аз камсыз болгон үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча ачылды. Анын ачылышына эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышта сөз сүйлөгөн министр, муктаж болгон адамдарга жаңы үйлөрдү куруп беришкендиги үчүн "Ас-Сафа борборунун" өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирген.

"Ас-Сафа борбору" үч жылдын аралыгында калктын аярлуу катмарына багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашырышты. Эки чоң үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемеси, 14 ФАП, жетим балдар үчүн бир жатакана, бир билим берүү борборун курушту. Андан тышкары, Министрликке караштуу Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин аймагына жаңы турак-жай жана анын ичин керектүү эмеректер менен камсыздады", – деп белгилеген министр.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында жакынкы арада Исфана шаарында Лейлек райондук бейтапканасынын заманбап төрөт үйүнүн ачылышы пландаштырылганы, Араван райондук бейтапканасында төрөт бөлүмү, Аламүдүн районундагы Октябрь айыл өкмөтүндө 400 орундуу мектеп, 300 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча куруу иштери башталгандыгы тууралуу айтылды.

Белгилей кетсек, "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан социалдык долбоорлор үчүн жалпы 324 млн. сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий