• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички душман менен күрөшүү жок! Ардагерлер жаңы Жазык кодексинин 39-беренесине каршы

Коом 0


Бишкек, 18.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер органдарынын ардагери Жангарач Найманбаев Жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоорунун 39-беренесине каршы экендигин билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштаган Жазык-процесстик кодекске ылайык, бардык күч түзүмдөрүнүн ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бүгүнкү күндө өзүнүн оперативдүү иштерин жүргүзө албай калды.

“Ал деген кылмыш окуясы болгонго чейин эмес, болгондон кийин ал жерге барып, кароолчунун милдетин аткарат. Тергөөчү, прокурордун берген көрсөтмөсүн аткарат. Ал кодексте көрсөтүлгөндөй, бүт баарын көз каранды кылып койду. Башкача айтканда, азыр ички душман менен күрөшүү жок”, - дейт ал.

Найманбаев жаңы Жазык-процесстик кодексинде дагы ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери оперативдүү иштерин аткара албай калганын белгилейт.

“Башкы прокуратура сунуш кылган Жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоорунун 39-беренесинде аталган кызматкерлер үчүн “Кылмышка бөгөт коюу, анын бетин ачуу, далилдерди чогултуу, ошондой эле кылмыш жасаган адамдарды аныктоо үчүн атайын тергөө амалдары боюнча изин суутпай издөө иштерин ишке ашырат” деп жазылат. Ал эми ИИМде “Атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө аткарылуучу ыкчам издөө иш-чаралары, ошону менен бирге кылмыштуулукту алдын алуу, бөгөт коюу, далил чогултуу, ошондой эле адамдарды издөө жүргүзөт” деп жазылган. Экөөнүн айырмасы, прокуратура кылмыштуулукту алдын алуу дегенди киргизбей жатат. Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүнүн эң биринчи максаты – кылмыш иштерин алдын алуу болуп эсептелинет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий