• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлиги "Семетей" обсерваторунда болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов "Семетей" обсерваторунда болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, "Манас" аэропортунун жанындагы Семетей обсерваторунда Соль-Илецк шаарынан (Россия) келген 432 жаран обсервацияда болууда.

"Алардын арасында "мындан мурда ПЧР анализдеринин негизинде жугуштуу оорулар ооруканасына алынып кеткен кишилер үй карантинине чыгарылып жатыптыр" деген ушак тараган. Алар да бизди чыгаргыла деп чыр чыккан. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абалды көзөмөлдөгөнгө ал жерде болгон ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин күчү жетет. Мыйзамды, тартипти бузган жарандарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий