• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги: СИЗО-1де бир кызматкер коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"№1 тергөө абагында бир кызматкердин анализи тастыкталып, коронавирус деп каралып жатат. Эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүүдө", - деп ал, бул боюнча кошумча маалымат берилерин айтып өттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус жуктурган 11 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 906ны түзөт. Алардын ичинен 650 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий