• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта коронавирусту аныктай турган лаборатория ачылат - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда коронавирусту аныктай турган лаборатория ачылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту аныктай турган лаборатория эртеңден баштап иштей баштайт.

"Буга чейин анализдерди Бишкекке алып келип жатканбыз. Эми жеринен изилдөө жүргүзүлөт. Ошондой эле Чоң-Капка өткөрүү бекетинде өтүп жаткандар текшерүүдөн өтүп турат", - дейт ал.

Үсөнбаев маалымдагандай, Кыргызстанда 9 лабораторияда 14 аппарат коронавирус оорусун изилдейт. Анда бир сутка ичинде, 2 миңге жакын изилдөө жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 906 учуру катталды. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий