• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дары-дармектер менен камсыз кылуу департаментинин беш кызматкеринен COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. "Дары-дармектерди камсыздоо жана медициналык техника департаментинин беш кызматкеринен COVID-19 табылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, алар ооруну кесиптешинен жуктуруп алгандыгы аныкталган. «Департаментте эпидемиологияга каршы иш-аракеттер жана дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө», - дейт Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 8-майга карата дагы коронавирус жуккан 11 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 906 учуру катталды. Алардын ичинен 226сы медицина кызматкери. Илдеттен 650 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий