• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өткөн суткада 10,4 миң адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 466 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 998 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 468 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 851 миң 778 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 645 миң 340 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий